Беш-Күңгөйдө жеңил унаа жардан кулады (видео)

22-Дек. 2017, Жума, 16:54

Бишкекке жакын Беш-Күнгөй айылында жеңил унаа жолдон чыгып, жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы бүгүн, 22-декбарда эртең менен болгон. Анда "Volkswagen Passat" үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочу рулду башкара албай калып, унаасы менен жардан кулап кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жол кырсыктан жалпы беш адам жабыркаган. Алардын бири жандандыруу бөлүмүнө, экөө Чүй облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Дагы бири Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө, бешинчисине жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми кырсыктын видеосун "Новостной Портал Life" аттуу колдонуучу YouTube каналына жарыялаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!