Май куюуучу жайды тоноп кетишти

23-Дек. 2017, Ишемби, 14:24

Кара-Суу районунда май куюуучу жайды караптап кетүүгө шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-декабрь күнү саат 02:30 чамаларында аталган райондун Кыргыз-Чек айылында жайгашкан май куюуучу бекетте болгон. Анда аталган жайга 25-30 жаштардагы азият улутундагы белгисиз үч жигит кирип, кассадан 125 000 сом акча жана оператордун 500 сом акчасын, паспортун, уюлдук телефонун, банк карточкасын алышып, аталган жайдын күзөтчүсүн таяк менен уруп, денесине залал келтирип, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

“Бул оор кылмыштын бетин ачуу максатында ИИМдин жана Ош ОИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында 4 жаран кармалган. Алар 1992-жылы туулган Чүй облусунун эки тургуну, 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун бир тургуну жана 1996-жылы туулган Ош шаарынын бир тургуну болгон. Учурда шектүүлөр убактылуу-кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!