Кайрылмандарды кодулаган тасма тарады (видео)

26-Дек. 2017, Шейшемби, 10:03

Интернет желесинде Тажикстандын Жерге-Тал районунан Чүй облусуна көчүп келген этникалык кыргыз балдарды жергиликтүүлөр сабап, тоноп, басынтып жаткандыгы боюнча тасма тарады.

Социалдык тармактардын колдонуучулары тарыхый мекенине ылым санап көчүп келген боордошторду кодулаган жергиликтүү жаштарга чара көрүүнү талап кылууда.

Мурдагы оош-кыйыш заманда Тажикстан, Өзбекстан, Түркиянын аймагы жана Ооганстанда жашап калган этникалык кыргыздар акыркы убактарда өз мекени – Кыргызстанга көчүп келүүдө.

Мындан эки ай мурун биринчи жолу Улуу жана Кичи Памирди байырлаган 33 боордошубуз Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Нарын облусуна жайгашкан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда чет жактан көчүп келген 55 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Алардын 11 миңдейи гана кайрылман макамын алышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!