Сапар Исаков Жалал-Абад облусуна барат

26-Дек. 2017, Шейшемби, 10:20

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Исаков облустагы өндүрүштүк жана социалдык объектилер менен таанышат.

Анын ичинде премьер-министр облустагы «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коому жана Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу» лампа заводунун иши менен таанышат.

Мындан сырткары, өкмөт башчы Жалал-Абад мамлекеттик университети, психикалык оорулуу балдардын стационардык мекемесине барат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!