Гиддер WFTGAнын аккредитациясын расмий алды

26-Дек. 2017, Шейшемби, 10:31

Кыргызстандык гиддер дүйнөлүк туристтик гиддер ассоциациялар федерациясынын (WFTGA) аккредитациясын алышты.

Бул тууралуу USAID уюмунун бизнести өнүктүрүү демилгеси программасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Улукбек Аданбаев “ZAMAN.KGге”билдирди.

2017 жылдын 16-29-ноябрь күндөрү өткөн эл аралык стандарттагы тренинг жана сынактардын жыйынтыгында аталган эл аралык туризм рыногунда эң ири уюмдардын бири болгон (WFTGA) уюмунун сертификациясынан өтүштү. Катышуучулардын 31и аталган уюмдун аккредитациясын алса, 18 гид машыктыруучу макамына ээ болушту. Бул жетишкендик менен Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногунда алдыга болгон бир чоң кадам жасады.

WFTGA келген эл аралык деңгээлдеги адистер катышуучуларга саякаттарды пландоо, гиддер катышкан турларды өткөрүү, туристтик жайларга байланыштуу маданий жана тарыхый маалыматтарды издөө боюнча ыкмаларды үйрөтүштү. Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү аракетинин алкагында аталган тренингди уюштурду.

WFTGA уюмунун аккредитациясынан өткөн бардык гиддерге расмий сертификат тапшыруу аземине катышкан Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов туризмдин өнүгүшү үчүн гиддердин ролу чоң экенин белгиледи.

Гиддер элчилер сыяктуу эле өздөрүнүн өлкөсүн бөтөн элге таанытууда абдан чоң ролду ойношот. Алардын өлкөбүздү чет элдик конокторго кандай тартуулаганынан Кыргызстан дүйнөлүк туризм рыногунда кандай орун алаарын көз каранды болот. Гид болуу өтө жоопкерчиликтүү жана бирөлкөнү жайылтууда абдан чоң ролду ойнойт”,- деди Азамат Жаманкулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!