Сүлүктүдө ысырапкерчиликке бөгөт коюушууда

26-Дек. 2017, Шейшемби, 11:22

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы “Мухаммед Мустафа” мечиттинде жергиликтүү тургундар, шаар жана айыл аксалдары, мечит жамааты ысырапкерчиликке бөгөт коюу жолдорун талкуулашты. Бул туурасында Баткен казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мечит имамы Үмүтжан Новрузов Ислам дининде ашыкча ысырапкерчиликке жол берилбей тургандыгын жана Куран, хадистерде ысырап кылуу жакшы эмес көрүнүш катары каралаарын билдирди.

Муну менен катар жыйындын катышуучулары, айыл аксакалдары учурда той жана маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ысырапкерчилик болуп жаткандыгын айтышып, бул көрүнүшкө бөгөт коюу, чыгымдарды кыскартууну сунушташып, түзүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы бар экендигин билдиришти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!