​Үй ээсин ѳлтүрүп, үйүн ѳрттѳп кетишти

26-Дек. 2017, Шейшемби, 12:38

25-декабрдан 26-декабрга караган түнү болдол менен түнкү 02.40 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нѳѳмѳт бѳлүмүнѳ Ош шаарынын Ош кѳчѳсүнүн 100-үйү ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкѳн. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерди кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Октам Абдикадыров аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Анын жубайы 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген.

Бул кырсык боюнча, каза болгон маркум Октам Абдикадыровдун денесин кароо учурунда, анын денесинде, беттеринде соккудан улам болгон тактардын жана сол кѳкүрѳк тушунда миздүү нерсенин кирген изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун адам колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

"Маркумдун жубайынын алгачкы кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда, түнү болдол менен саат 01.20 чамасында, белгисиз бир неча адам үйгѳ киришип, свети ѳчүрүп, күйѳѳсүнѳн акча талап кылышкан. Ал эми аялын бир нече ирет урганда эси ооган адам болуп сулк жатып калгандыгын, тигилер болсо аны «ѳлүп калды» деп ойлошуп, күйѳѳсүн урушуп, үйгѳ от жагып кетип калгандыгын айткан.
Учурда, бул ѳзгѳчѳ оор кылмыштын бетин ачуу боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлгѳн топ иштеп жатат",-деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү эспертизалар дайындалган. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам ѳлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!