​Бишкекте дагы бир өтмөк пайдаланууга берилди (фото)

26-Дек. 2017, Шейшемби, 15:04

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсүндөгү «Мадина» базарынын жанында жер үстүндөгү экинчи өтмөктүн ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Өтмөктүн ачылышына калаа башчысы Албек Ибраимов, вице-мэр Бактыбек Дюшембиев жана шаар тургундары катышты.

Жер үстүндөгү өтмөктүн узундугу 37 метр, туурасы 3 метр, бийиктиги 5 метр ошондой эле 2 лифт жана кечки убакта жарыктандыруучу чырактар орнотулду. Лифттер 1 тоннага чейинки жүктү (15 адам) көтөрүүгө ылайыкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин жер үстүнөн өтмөк ушул жылдын ноябрь айында Курманжан Датка менен Жибек Жолу көчөсүндөгү Аламүдүн базарына орнотулган эле.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!