​Памирлик кыргыздар балаты майрамына катышты

27-Дек. 2017, Шаршемби, 17:03

Бүгүн, 27-декабрында, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдар үчүн балаты майрамы өттү. Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирет.

Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага окууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулар, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, жарым жана томолой жетим балдар катышты.

Аманбай Кайыпов балдарды Жаңы жылы менен куттуктоо менен кең келечек, бактылуу балалыкты каалап, келечек ээлерин билимдүү болууга үндөдү.

«Силер биздин келечегибизсиңер. Мүмкүнчүлүктү пайдаланып билим алгыла. Убакытты туура пайдалана билгиле, балдар. Билимиңер күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот. Мектептен билим алып, ата-энеңерди, мугалимдерди урматтап, жакшы тарбия алгыла. Үй-бүлөңөр, жакындарыңар менен ден-соолукта, аманчылыкта болгула»,-деп облус башчы каалоо-тилектерин айтты.


Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты «Жаңы жылга сапар» атуу жомокту көрүүчүлөргө тартуулады. Жомок каармандары оюн-зоок программасынын алкагында Аяз Ата, Аяз кызга балдар өнөрлөрүн көрсөтүп, белектерге ээ болду. А.Кайыпов балдар менен биргеликте балатыны айланып, майрамдык иш-чаранын катышуучуларына атайын даярдалган белектерди тапшырды. Андан соң катшуучулар менен эстеликке фотосессия өттү.

Майрамдык иш-чараны даярдап өткөрүү жана белектерди даярдоого Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 126 миң акча каражаты бөлүнгөн. Облус боюнча 219 томолой жетим балага жана камкорчулукка алынган 31 балага (жалпы 250) белектер жеткирилип жеринде тапшырылды.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!