​Кегетиде ууланган окуучулардын саны 110го жетти

28-Дек. 2017, Бейшемби, 12:15

27-декабрда саат 15:30да Чүй облусунун Кегети айылындагы мектептин 7-8-классында окуган окуучулар генератордон чыккан түтүнгө массалык ууланган. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусттук аймактык ооруканасында бардыгы болуп 110 окуучуга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«Кайрылгандардын төртөөсү мугалимдер болушкан. 72 окуучуга амбулатордук жардам көрсөтүлсө, 38 окуучу жалпы бөлүмгө жаткырылган. 3 окуучу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандары үйлөрүнө чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, 27-декабрь күнү саат 14:00 чамаларында Чүй облусунун Кегети айылындагы Исаев атындагы орто мектептин окуучулары электр жарыгы болбогондуктан генераторду пайдаланып, дискотека уюштурушкан. Кийин андан түтүн чыгып ууланганы кабарланган.


Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!