​Кыргызстанда теракт жасоону пландаган

28-Дек. 2017, Бейшемби, 12:18

Кыргызстанда бир катар теракттарды жасоону пландаштырган согушчан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрда УКМК тарабынан өткөзүлгөн Кыргызстандын аймагына Сириядагы диверсиялык топтордон жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин кирүүсүн аныктап, алдын алуу боюнча контртеррористтик иш-чаралардын алкагында «Т.А.» аттуу кыргыз жараны кармалган.

Ал 2016-жылы ЭТУ бандиттик түзүмдөрүнө кошулуп, диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан.

Ал эми быйыл эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) башчыларынын тапшырмасы менен жашыруун террористтик ячейкаларды түзүп, террористтик актыларды даярдап, ишке ашыруу максатында Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракет кылган.

Азыркы убакта УКМК Тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, кармалган жаран МУКК Тергөө камак жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!