​Дароот-Коргон-Жар-Башы жолуна таш кулады

28-Дек. 2017, Бейшемби, 12:51

Дароот-Коргон-Жар-Башы унаа жолунун 8-чакырымында 20 м3 таш түшүп, жолду жаап калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин билдирген билдирүүсүнө ылайык, кырсык 27-декабрь күнү саат 06:30 чамасында болгон.

“Жолду тазалоо иштерине №16 жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, 27-декабры күнү саат 10:50дө унаа жол толук тазаланып ачылган”,- деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!