Саляновду өлтүргөн жаран кармалды

28-Дек. 2017, Бейшемби, 13:48

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-декабрь күнү кечинде милиция кызматкерлери тарабынан Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан номери өчүрүлгөн «Макаров» тапанчасы 17 огу менен табылып, алар экспертизага жөнөтүлгөн.

«Кылмышка шектүү алдын ала суракта күнөөнү мойнуна алган. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү белгисиз бирөөлөр Бишкек шаарынын четиндеги Көк-Жар айылындагы үйүнөн атып кетишкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!