Депутаттар мектептерге жардам беришти

28-Дек. 2017, Бейшемби, 15:51

Жаңы жыл алдынан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эки мектепке жалпы наркы 400 миң сом турган 20 компьютерди белек катары тапшырышты. Депутаттар муну менен эле чектелип калбай мындай колдоо көрсөтүү акциялар улантыларын айтышты.

Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин айтымында, депутаттардын демилгеси менен шаардагы №9 жана №16 мектептердин ар бирине 10дон компьютер берилди. Бул мектеп окуучуларынын компьютердик сабаттуулугун арттырууга карата камкордук болуп саналат.

"Биз муну мене гана чектелбейбиз. Жаштар биздин келечегибиз болгондуктан, аларга жакшы шарт түзүп берүүбүз абзел. Азыр мүмкүнчүлүгүбүз жетишинче жардам беребиз. Көбүрөөк акча каражатын талап кылган иштерди келерки жылдын бюджетине киргизебиз. Андан сырткары, шайлоо убагында депутаттар элге берген бир катар убадаларын аткаруу максатында эл менен жолугуп жатышат. Алардын көпчүлүк суроо талаптарын жеринде чечип жатабыз", - дейт ал.

Эламан Арапбаев атындагы №16 орто мектептин информатика сабагынын мугалими Чынара Парманованын айтымында, мектептеги компьютерлердин эскилиги жетип, жараксыз болуп калган. Ошондуктан, жаңы компьютерлердин келиши жалпы мектеп үчүн кубанычтуу көрүнүш.

"Эски компьютерлер жаңы чыгып жаткан программаларды көтөрө албай, окуучуларга жетиштүү деңгээлде үйрөтө албай жатканбыз. Балдардын сабакка болгон кызыгуусу солгундаган болчу. Эми эл өкүлдөрүнун бизге көрсөткөн колдоосу менен компютердик билимди жогорулатып, олимпиадаларга да катыша алабыз"– дейт ал.

Ал эми балдардын келечеги үчүн кам көрүп жаткан эл өкүлдөрүнө ата-энелер да өз ыраазычылыктарын билдирип жатышат.

"Демөөрчүлүк кылып жаткан депутатыбыз Улан Ашымовго алкыш айтабыз. Алдыдагы күндөрү депутаттар дагы бир канча бала-бакча, мектептерге, социалдык объекттерге жардам көрсөтүүнү пландап жатышат",-дейт М.Тагаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!