Министр сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

28-Дек. 2017, Бейшемби, 16:42

Бүгүн Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов ыйман, адеп, маданият жылына арналган мыкты телеберүүлөрдүн сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Телесынак республикадагы үй-бүлө институтун чыңдоо, адеп-ыймандын жаңы багыттарын жаратуу, жүрүм-турум жана укуктук маданиятты жайылтууга арналып, санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын Социалдык пакетине кирген республикалык жана аймактык мамлекеттик, коомдук телерадио уюмдарынын арасында өткөрүлдү.

Конкурстук комиссия телеберүүлөрдү иликтөөнү жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоодо журналисттик чеберчилик, материалдардын актуалдуулугу жана коомдо маанилүүлүгү, теманын терең ачылышы, материалдын белгиленген аудиторияга формасынын жана стилинин жооп бериши боюнча критерийлерди эске алды.

Телесынакка катышкан республикалык жана аймактык телерадио уюмдардын ичинен КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” телеканалы, “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясы, Баткен, Нарын областтык мамлекеттик жана “Ынтымак” коомдук аймактык телерадио уюмдары тарабынан даярдалган телеберүүлөр мыкты деп табылды.

Жеңүүчүлөргө бир жолку акчалай сыйлыктар, статуетка жана сертификат тапшырылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!