Кошунасын тоноп, андан соң өлтүрүп салган

28-Дек. 2017, Бейшемби, 17:08

Ошто кошунасын түн жарымында тоноо үчүн өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-декабрь күнү Ош шаарынын Ош кѳчѳсүнүн 100-үйүндѳ ѳрт чыгып, үйдѳн адам колдуу болуп каза болгон 61 жаштагы үй ээсинин cөөгү чыккан.

Бул факты боюнча аталган башкармалыктын тергѳѳ кызматы КЖКнин «адам ѳлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шектүү катары маркумдун 25 жаштагы коңшусу кармалган. Ал ѳзү кѳрсѳтмѳсүндѳ: «Мен 25-декабрь күнү кечинде 2 литр пиво алып, үйүмѳ келгенмин. Аны ичип отуруп, коңшум Өктѳм акени тоноо оюма келди. Түнү короого тосмосунан ашып түшүп, үйүнѳ кирип бардым. Эшиги бекитилбеген экен. Үй ээси мени кѳрүп, мени менен кармашып кетти. Колума үйдѳгү отвертка тийди эле, аны менен кѳкүрѳк жакка бир уруп жибердим. Аялы кыйкыра бергендиктен аны дагы үнү чыкпай калганча урдум. Өзүм коркуп кетип, качып чыктым» деген.

Ал эми эмне себептен үйдүн ѳрттѳлүп кетишин ал- «Үй ээси менен мушташып жатканда бѳлмѳдѳгү от жаккан меш кулап кеткен болчу» деп кѳрсѳтмѳ берген ал.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, жогоруда кырсык болгон дарактеги үйдө кароо учурунда ал жерден 1956-жылы туулган Өктам Абдикадыров аттуу үй ээсинин күйүп кеткен денеси табылган. Маркумдун денесин кароо учурунда, анын денесинде, беттеринде соккудан улам болгон тактардын жана сол кѳкүрѳк тушунда миздүү нерсенин кирген изи бар экендиги аныкталган. Маркумдун адам колдуу болуп каза болгондугу аныкталган. Ал эми анын жубайы 1961-жылы туулган аял тез жардам кызматы аркылуу шаардык ооруканасынын жандандыруу бѳлүмүнѳ жеткирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!