Имамдардин билим деңгээли жогорулатылды

30-Дек. 2017, Ишемби, 11:04

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Башкортостан Республикасынын дин өкүлдөрү менен биргеликте Чүй облусунунун жана Бишкек шаарынын имамдарын окууту семинары өз ишин ийгиликтүү аяктап, имамдарга сертификат менен бирге күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Сертификат тапшыруу аземине Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана Орусия Ислам университетинин проректору Нафиков Дамир, Орусия Ислам университетинин «имамдарды кайра даярдоо» кафедрасынын башчысы Якибаев Юсуф катышты.

Имамдарга уюштурулган 5-күндүк семинар республикабыздагы орус тилдүү имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатууга арналып, семинардын жүрүшүндө мазхаб, акыйда, фыкх маселеринде лекциялар өтүлүп, Чүй облусунан жана Бишкек шаарынан келген 32 имам аталган семинарды ийгиликтүү аякташты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!