​Жол коопсуздук кызматынын унаасы кырсыкка кабылды

30-Дек. 2017, Ишемби, 11:44

Борбор калаада жол коопсуздук кызматынын унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматка ылайык, жол кырсык бүгүн, 30-декабрга караган түнү Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек ШИИБдин унаасы “Range Rover” менен кагылышкан.

Аталган ведомстводон жол кырсыгы тууралуу толугураак маалымат кийинчерээк бериле тургандыгын кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин кээ бир ЖМКларда жол коопсуздук кызматынын унаасы, “Лексус” жана “Рендж Ровер” автоунаалары сүзүшкөндүгү жарыяланган
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!