​«Көк-Жар» конушуна газ берилди

30-Дек. 2017, Ишемби, 11:49

Бишкек шаарындагы «Көк-Жар» конушунунун тургундарына жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ачылыш салтанатына Октябрь районунун башчысы Салтанат Жумашев, «Газпром Кыргызстан» ишканасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Көгүлтүр от менен 86 үй туташтырылып, газ түтүгүнүнүн узундугу 60,8 чакырымды түзөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!