ӨКМ майрамда күжүрмөн даярдыкта иштөөгө өттү

30-Дек. 2017, Ишемби, 11:54

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүктөрү майрам жана дем алыш күндөрү аталган министрлигинин - буйругу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, ӨКМнин Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкы башкармалыгы, ӨКМнин облустардагы жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын башчылары, ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору, ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отряды, ӨКМнин “Бишкек шаарынын куткаруу кызматы” төмөндөгүдөй тартипте иш алып барышат:

- өзгө кырдаалдарга өз убагында ыкчам чара көрүүгө куткаруу, өрткө каршы-куткаруу топтордун курамы такталып, атайын куткаруу автоунаалардын даярдыгы камсыз болду.

-куткаруу нөөмөт топторунун өзгөчө кырдаалдарга чыгып кетүүгө 10 мүнөттүк, куткаруу бөлүктөрүнүн негизги күчтөрүнүн өзгөчө кырдаалдарга чыгып кетүүгө 40 мүнөттүк даярдыгы белгиленди.

-Республикалык маанидеги автоунаа жолдордогу кооптуу аймактарга көзөмөл күчөтүлүп, жолдордун абалы боюнча маалымат министрликтин жетекчилигине жеткирип туруу уюштурулду.

Эскерте кетсек, жарандар кырсыкка кабылганда же күбө болсо, күнү-түнү “112” Бирдиктүү мамлекеттин нөөмөт-диспетчердик кызматына байланышса болот, чалуулар акысыз. Жарандарга ӨКМ аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүүлөрдү өз учурунда жеткирип турушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!