​Жаңы жылда коомдук унаалар түнкү 1ге чейин иштейт

30-Дек. 2017, Ишемби, 12:09

Бишкек шаарынын мэриясы маалымдайт, 31-декабрынан 1-январга караган түнү Жаӊы жылды тоскондон кийин саат 01:00го чейин коомдук транспорттор каттайт.

Ошондой эле майрамдык иш-чаралар учурунда Чүй проспектиси -Эркиндик бульвары – Панфилов көчөсү – Абдымомунов көчөсүнүн чектешкен жерлеринде унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Киев көчөсү боюнча Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин коомдук унааларга гана жүрүүгө уруксат берилет.

Төмөнкү маршуттук каттамдар боюнча автобустар каттайт:

- №4 («Ак-Ордо» жаӊы конуш – Совмин шаарчасы – Оберон базары);

- №7 (Аламүдүн-1 кичи району – Фучик көчөсү);

- №38 (110 квартал – Аламүдүн – 1 кичи району);

- №42 (12-к/р – «Ала-Тоо» жаӊы конушу);

Ошондой эле № 4, 7, 8, 9, 14 троллейбусттар жана кичи машрушрткалар каттайт.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!