ИИМдин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү

30-Дек. 2017, Ишемби, 12:32

Жаңы жыл майрамына байланыштуу Ички иштер министрлиги тарабынан алдын ала коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарандардын өмүрүн, ден-соолугун коргоо чаралары күчөтүлгөн негизде жүргүзүлөт. Негизги маанилүү жайлар, стратегиялык кайтаруу жайлары коргоого алынат. Милиция кызматкерлери оюн-зоок жайларынын жетекчилиги менен жолугушуп, жарандарга коомдук коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-декабрдан 1-январга чейинки аралыкта ИИМдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 29-декабрдан баштап өздүк курамда бөлүштүрүү, нускама берүү башталды. Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн республика аймагында 8500дөн ашуун милиция кызматкерлери, борбор калаада 2500дөн ашуун милиция кызматкери иш алып барат. Мындан тышкары, өз ыктыяры менен элдик кошуундун мүчөлөрү тартылат.

Жаңы жыл майрамын белгилөө үчүн республикабыздын бардык аймактарында милиция кызматкерлери жарандардын коомдук коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылууга багытталат. Биз жаңы жыл майрамын кубанычтуу күн болот деп ишенебиз. Бирок, майрам күндөрдүн алдында ар кандай кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн. Ошол себептүү жаңы жыл майрамындагы иш-чара учурунда коомдук жайларда эл топтолгон жерлерде өзүн алып жүрүү эрежелери сактоого баарыбыз милдеттүүбүз. Жарандар үчүн иш-чара уюштурулган жайларда ок атуучу куралдарды, газ же башка куралдарды, жардыргыч заттарды, ок-дарыларды, атайын өндүрүлгөн же жабдылган денесине жаракат алып келиши мүмкүн болгон буюмдарды, башкалардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирүүчү, ошондой эле имитаторлорду жана муляждарды алып жүрүүгө болбойт. Мас абалында жүрүүгө, спирт ичимдигин жана айнек идишке суусундук алып жүрүүгө, металл идиш алып жүрүүгө жана пластикалык баштык алып жүрүүгө тыюу салынат. Бул эрежелерди жарандар тиешелүү деңгээлде сактаса, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга ыңгайлуу болот”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жаңы жылдын астында жана майрам күндөрү милиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат. Ошондой эле, милиция түзүмдөрүндө ыкчам иликтөө тобу иштейт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын кызматкерлерине элдик кошуундардын мүчөлөрү жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздоо багытында бирге кызмат өтөшөт.

Белгилей кетсек, аталган министрлик жарандарды эл көп топтолгон жерлерде өзгөчө сак болуп, өзүнүн коопсуздугун унутпай жүрүүсүн жана массалык иш-чаралар өтүп жаткан жайларда кандайдыр бир тартип бузуулар же кылмыштуу окуяларды же шектүү буюмдарды байкаган болсоңуз, дароо укук коргоо органдарына маалымат берүүңүздөрдү суранат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу посттору иш-чара өтүүчү жерлерге жакын коюларын эскертет. Ошондой эле коомдук тартипти жана өрт коопсуздугун сактоодо жооптуу болгон милиция кызматкерлеринин жана админстрациянын эскертүүлөрүн жана талаптарын эске алуу зарылдыгын белгилейт.

Фото: Азаттык

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!