Маршруткада телефон уурдаган адам кармалды

30-Дек. 2017, Ишемби, 13:38

Борбор калаада маршруттук таксилерде уюлдук телефондорду уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарындык ички иштер башкармалыган билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-декабрь күнү милиция кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобуста чөнтөгүнөн “Самсунг Галакси-J5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана документтерин уурдатып жиберген кеткен жаранга карата чара көрүү арызы менен аял киши кайрылган.

Ушул эле күнү дагы бир киши маршруттук таксинин ичинен 13 миң сомго бааланган уюлдук телефону жана документтерин уурдатып жибергенин айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Бул фактылар боюнча Октябрь РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “уурдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми кылмышка шектүү жарандын буга чейин соттолгондугу аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!