Көлдө үйлөрдү жылытуу долбоору соңуна чыкты

30-Дек. 2017, Ишемби, 14:26

Ысык-Көл облусунда бир нече коомдук уюмдардын биргелешкен аракети менен энергияны көпкө сактай турган курулуш материалдары менен үйлөрдү жылуулап, отунду аз короткон мештерди салуу практикасын жайылткан эки жылдык социалдык долбоор ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу «АВЕП» коомдук фондунан билдиришти.

Аталган долбоорду Финляндиянын Астана шаарындагы элчилиги каржылап, «АВЕП» коомдук фонду ишке ашырды. Бул аралыкта аймакта 60ка жакын, үйлөр жылууланып, жүздөн ашык меш менен очоктор салынган.

"Ушул күнгө чейин долбоор эки жүздөн ашык жумушсуз жүргөн жаштарга кесип үйрөткөн. Жалпысынан долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунда 16 топ же тактап айтканда жумушсуз жүргөн 209 адам үйлөрдү профессионалдык деңгээлде жылуулоо, энергияны үнөмдөй турган меш менен очокторду салуу кесибин өздөштүрүшкөн. Долбоордун изилдөөсүнөн кийин кесип үйрөнгөн жаштардын 75 пайызы жумуш менен камсыз болуп, эл арасынан заказ алып туруктуу иштеп жатышканы белгилүү болду",-деп айтылат маалыматта.

Энергоэффективдүү материалдарды колдонуу менен очок, меш салуу жана үйдү сапаттуу жылуулоо - отун менен акчага гана үнөм болбостон, экологияга дагы кам көрүү. Абаны таза кармап, саламаттыгыбызды дагы узарткан болобуз. Себеби биз үйлөрдү канчалык жылууласак энергоэффективдүүлүк маселеси аябай жакшырат. Көмүрдү канчалык аз жаксак, абага түтүндөр ошончолук аз бөлүнүп чыгат дагы экологияны колдон келишинче таза кармап, азыраак булганышына салым кошкон болобуз.

Жаңыл Акматова: Бала бакчабызга 3 көздүү очокту акысыз салып беришти

- Азыркы мезгилде биздин бакчада 220 бала тарбияланат. Долбоор бизге 3 көздүү очокту акысыз салып берген. Ошондон бери балдарыбыздын бардыгы бакчага үзгүлтүксүз келип калды. Очоктун артыкчылыгын да айта кетпесем болбойт. Бизге мисалы балдарга тамак жасаш үчүн 1 айга бир мүшөк эле көмүр жетет. Бир аз чырпык жагып туруп эле 2 килограммга жетпеген бир аз көмүр салып койсок, бир чоң казан тамакты бышырганга жетет. Мурда очок жок кезде кокус айылда свет өчүп калса ошончо бала бакчага келбей, алардын ата-энеси да үйүндө бала багып тыштагы жумуштарын бүткөрө албай калышчу. Азыр андай нерсе жок. Финляндиянын элчилигине, ушул долбоорду ишке ашырып жаткан тараптардын бардыгына чын дилден ыраазычылыгымды билдирем.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!