Медреселерде өз алдынча чарба жүргүзүү аракети

30-Дек. 2017, Ишемби, 14:35

Медреселерде кесиптик билим берген долбоор иштей баштагандан бери бул окуу жайларда финансылык көз карандысыздыкка умтулган аракеттер башталды. Бул тууралуу "АВЕП" коомдук фондунан билдиришти.

Быйылкы жылы Сузак районундагы "Имам Аъзам" медресесинде окуган 39 кыз жана 11 бала "Медресе жаштарына кесип үйрөтүү" долбоорунун алкагында ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүп чыгышкан.

Долбоорду "АВЕП" коомдук фонду ишке ашырып, толугу менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылаган. Элчилик медресеге жаштардын кесип үйрөнүүсүнө толук шарт түзгөн керектүү жабдуулардын бардыгын сатып берип камсыздаган. Максат - жумушсуз жаштарга кесип үйрөнүүсүнө, жеке өзүнүнбү же үй-бүлөсүн болобу эч кимге көз карандысыз багып кетишине шарт түзүп, аларды аймактагы экстремисттик жана террордук топтордун азгырыгынан сактап калуу болгон.

"Азыр алардын айрымдары ашпозчулук кесипти жакшы үйрөнгөндүгүн далилдеп, Жалал-Абад шаарындагы кафелер менен кондитердик цехтерде иштешүүдө. Мындан тышкары алар өздөрү окуган "Имам Аъзам" медресесинде кулинария багытында сабак окутуп, кесипке үйрөткөн чакан имарат ачып, ошол эле жерден кондитердик азыктарды жасап сатканы жатышат. Тамак-аш биринчиден медреседе жатып окуган 64 балага жана келип-кетип окуган кыздар үчүн арзан, даамдуу жасалат. Экинчиден кулинардык багытта ачылган чакан жайдан түркүн нан азыктарын, печеньелерди чыгарат",-деп билдиришти фонддон.

Сузак районундагы "Имам Аъзам" медресесинин мүдүрү Абдунасыр Авдувалиевдин айтымында жалпысынан 20дан ашык продукцияларды сапаттуу кылып даярдап, элге сатыкка чыгарсак деп жатышат.

"Бир жагынан алганда мыкты жасалган адал тамак-аш азыктарын чыгарганга шарт түзөбүз. Анткени өзүбүздө билим алган балдар деле тышка чыгып тамак-аш сатып алып турушчу. Экинчи бир жагынан ошол азыктар жасалган жерде балдар, кыздарыбыз тамак жасоонун түрлөрүн да үйрөнүп алышса болот",-деди ал.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!