Жол кырсыктан эки адам көз жумду

4-Янв. 2018, Бейшемби, 13:52

Кара-Буура районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, жол кырсыгы 3-январь күнү таңкы саат 07:00дөр чамасында Талас-Тараз унаа жолунда катталган. Анда жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен улам Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 30 жаштагы тургуну жана Кара-Буура районунун Кайнар айылынын 41 жаштагы тургуну оор жаракат алып, алар жакынкы ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгондордун аты-жөнү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!