Катуу шамалдан үйү жабыркагандарга шифер жеткирилди

9-Янв. 2018, Шейшемби, 14:27

Катуу шамалдан турак жайлары жабыркаган жарандарга шиферлер акысыз жеткирип берилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Жалал-Абад менен Талас облусунда катталган катуу шамалдын кесепетинен үйлөрү жабыркаган жарандарга шиферлер акысыз жеткирилген.

“Өкмөттүн тапшырмасына ылайык Ала-Бука районунун жашоочуларына 1-8-январга чейин Кант шифер заводунан оор жүк ташуучу унаа менен 8 миң 800 даана шифер жеткирилген. Ал эми социалдык объектилер үчүн 1миң 650сү жөнөтүлгөн. Ошондой эле Манас районуна жарандар үчүн аталган министрликтин 3 оор жүк ташуучу унаасы менен 1210 шифер жеткирилип, социалдык объектилерге 1320 даана шифер жөнөтүлгөн”,- деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кызматтар ӨКМ тарабынан жасалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!