Аңчылык кылгандардын мылтыгы алынды (фото)

15-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:28

Талас облусунун Талас районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандарга административдик айып салынып, мылтыктары тийиштүү органдарга өткөрүлдү. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгынын инспекторлорунун, жергиликтүү укук кооргоо органдары жана мергенчилер коомунунун өкүлдөрүнүн катышусунда өткөрүлгөн рейд учурунда, Чырканак өзөнүнөн Ак-Сай айылынын А.И жана Т.С аттуу тургундары 16 калибрдүү эки мылтык жана 10 кекиликти мыйзамсыз аткандыгы аныкталган.

"Инспекторлордун териштирүүсүндө мылтыктар жана кекиликтин мыйзамсыз атылгандыгы аныкталды. Жеринде мылтыктар тартылып алынып, жаратылышка кыянаттык кылган аңчыларга административдик айып салынды. Ошондой эле, тийиштүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз алып жүргөн куралдары Мамлекеттин пайдасына конфискацияланды",-деп айтылат маалыматта.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!