Мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды

16-Янв. 2018, Шейшемби, 18:04

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда номурлары өчүрүлгөн мылтык менен мыйзамсыз аңчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Тон, Ысык-Көл региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору рейд учурунда,Тоң районунун Көк-Мойнок айылында Кемин районунун тургуну Э.М аттуу жаран 16 калибрдүү мылтык менен мыйзамсыз анчылык кылып жүргөн .

Териштирүүдө мылтыктын номуру сүртүлүп, мыйзамсыз колдонулганы аныкталды. Жеринде мылтык тартылып алынып, өз билемдик менен мергенчилик кылган жаранга административдик айып салынды.

Ошондой эле тийиштүү материалдар чогултулуп, чара көрүү үчүн Тон райоундук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!