Эс алуу жайлары текшерүүгө алынып турат

17-Янв. 2018, Шаршемби, 16:17

Мамэкотехиснпекция тарабынан кооптуу өндүрүш обьектилери, тактап айтканда кыш мезгилинде муз тебүүчү эс алуу жайлары текшерүүгө алынып турат. Бул тууралуу Экотехинспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Алгачкы текшерүү иштери кыш мезгили башталып, муз тебүү сезону ачыла электе көзөмөлдөн өтөт.

"Талап боюнча Тоолордогу муз тебүүчү эс алуу жайларында, атайын муз тебүү эрежелерин үйрөтүүчү инструкторлор жана биринчи тез жардам көрсөтүүчү адистер, ошондой эле ыкчам жардам көрсөтүүчү куткаруучу тайпа болушу керек. Эгерде Мамэкотехинспекциянын көзөмөлдөөчү талаптарына ылайык келбесе эс алуу жайлары иш жүргүзүүгө уруксат ала алышпайт. Ал эми Бишкек шаарынын чет жактарында жайгашкан бөксө тоолордогу өз алдынча муз тебүүчү жайларга айланган көрүнүштөргө жергиликтүү бийлик көз салып, жоопкерчиликти алышы шарт",-деп айтылат маалыматта.

Тагыраак айтканда эгерде эс алууга ынгайлуу болгон аймактарга адамдар барып эс ала турган болсо, ошол чөлкөмдүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жоопкерчиликтүү.Ал үчүн, кооптуу абалдарды жөнгө салып, атайын эскертме такталарын илип, белгилерди коюушу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!