Өрттө жабыркаган кыргызстандыктар жок

18-Янв. 2018, Бейшемби, 16:18

Кечээ, 17-январында Москва шаарынын түштүк-чыгышында "Садовод" базарында келип чыккан өрттө аталган базардын администрациясынын билдирүүсү боюнча жабыр тарткандар, каза болгондор жок. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

"Өрттөн келип чыккан зыяндын көлөмү азыр эсептелип жатыптыр. Элчилик тарабынан күйгөн объектилер боюнча ижарачыларынын арасында КРнын жарандарынын бары, жоктугу да такталууда",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ 17-январда саат 21:17 де "Садовод" базарында 3 кабаттуу павильон күйүп кеткен.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!