Турак-жайын көп камсыздагандар-Оштун тургундары

19-Янв. 2018, Жума, 12:40

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов өлкөнүн финансы рыногуна, өлкө экономикасына кошкон эмгеги жана салымы үчүн финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдиргендей, сыйлыкты мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Жумагүл Эгембердиева тапшырды.

Уюмдун жетекчиси Эгембердиева Ош облусу мамлекеттик камсыздандыруу мыйзамынын аткарылышын камсыздоодо жана уюмдун ишине көмөктөшүүдө өлкө боюнча эң алдыда экенин билдирди. Учурда өлкө боюнча турак-жайын камсыздандырган 65 миңге жакын жаран болсо анын 50%дан ашыгы Ош облусунун тургундары.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!