Исаков: кыргыз-япон мамилелери жогорку деңгээлде

20-Янв. 2018, Ишемби, 11:04

Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Казухико Кикучи менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-япон мамилелери жогорку деңгээлде турат.

Премьер-министр өнүктүрүү боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга активдүү катышуусу үчүн JICAга ыраазычылык билдирди.

Сапар Исаков учурда алдыңкы технологияларсыз улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигине токтолуп, буга байланыштуу аталган багыттагы япон тажрыйбасын иликтөөнүн, ошондой эле Япониядан маалыматтык-коммуникациялык технологияларга (МКТ) байланыштуу долбоорлорду алга жылдыруу жана ишке ашыруу боюнча инвесторлорду тартуу маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз санариптик трансформация өлкөдө коррупцияны жоюуга, республикалык бюджеттин кирешесин жогорулатууга, көмүскө эконмиканын көлөмүн кыскартууга жана социалдык инфраструктураны жакшыртууга кеткен чыгымдарды жогорулатууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Сапар Исаков ошондой эле кыска мөөнөттө аткарылчу милдеттер катары «Акылдуу шаар» долбоорун, салык процедураларын фискалдаштырууну, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштырууну, салмак көлөмдүк көзөмөл жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртууну ишке ашырууну атады.

Андан соң тараптар биргелешкен иштин багыттарын, ошондой эле келерки беш жылга карата JICA өнүктүрүү стратегиясынын алкагындагы келечектүү долбоорлорду кенен талкуулады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!