Экотехинспекция кытайлык компанияны доого жыкты

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 14:47

Жалал-Абад облусундагы Тоскоол-Ата токой чарбасында нефти бургулоо жана чалгындоо ишин кытайлык компания мыйзамсыз жүргүзүп келген. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Тоскоол-Ата токой чарбасынын директору О. Эримбетов тарабынан Мамлекеттик токой фондусуна кирген Карамисте участкасынан “Сань-Шань Юань” ЖЧКна 1 га жер аянтын мыйзамды бузуу менен ижарга берген. Аталган ишкана Мамлекеттин жерине нефти бургулоо жана чалгындоо ишин жүргүзүп, 9882 м2 жер кыртышын талкалагандыгы аныкталган.

Ошондой эле, токой чарба башкармалыгы карамагындагы аймакка көзөмөл жүргүзгөн эмес. Жерлерди мыйзамга каршы иштетип жаткан “Сань-Шань Юань” ЖЧКна Мамэкотехинспекция тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп жер кыртышын мыйзамга каршы иштетип келгендигине байланыштуу, аталган компанияга 691 740 сом доо коюлду.

Учурда токой чарбалыгынын шаалакылыгы жана мамлекеттин жерин талкалаган “Сань-Шань Юань” ЖЧКна байланыштуу материалдар чогултулуп, келтирилген зыяндарды толтуруу, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо максатында Ноокен райондук сотуна материалдар өткөрүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!