Студенттер окуу шарттын начардыгына нааразы

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 15:42

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинин студенттери соцтармакка окуу шарттын начардыгын айтып, нааразычылык пикирлерин билдирип жатышат. Ал эми окуу жайдын жетекчилиги аудитория жетишпегендиктен ушундай кадамга барышканын айтышууда.

Студенттер буга чейин КУУнун башкы окуу имаратында окуп келишкен. 2017-жылдын 1-сентябрынан тарта аларды 8-окуу имаратына которуп коюшкан. Ал жакта окуу үчүн шарт жок экенин айтышууда.

“Биз окуп жаткан 8-окуу имараты оңдоп-түзөөгө муктаж. Биздин факультет толугу менен контракт болгондуктан жылына 28 миңден төлөп окуйбуз. Бирок, биз шарты жок имаратта окуп жатабыз. Дааратканасын айтпай эле коёлу. Андыктан бизди кайрадан башкы окуу имаратына көчүрүүсүн талап кылабыз. Эгер биздин талап аткарылбаса нааразычылык акцияга чыгабыз”,-дешет студенттер.

Студенттер окуу шартты жакшыртууда ректор Канат Сыдыковго кайрылуу жолдоп жатышканын, эгер майнап чыкпаса демөөрчүлөргө кайрылууга аргасыз экенин кошумчалашты.

Ал эми КУУнун маалымат кызматынын өкүлү Жээнбек Эралиев факультет толугу менен көчпөгөнүн, болгону студенттерге аудитория жетпегендиктен 8-окуу имаратына которулганын айтат.

“Журналистика факультети толугу менен 8-окуу имартына көчкөн жок. Теле жана радио студиялары, деканат башкы окуу имаратында жайгашкан. Бул жакта студенттер практикалык сабактарды өтүшөт. Калган окууларын 8-окуу имартында окушат. Ошондой эле башкы окуу имаратта 4 факультет бар. Анда окуган студенттер дагы башка окуу имаратына барып билим алып жатышат. Студенттердин көтөрүп чыккан маселеси дагы акырындык менен чечилет. 8-окуу имарты буга чейин шарты начар болчу, азыр оңолуп калгандагысы акырындык менен оңдоп-түзөлмөкчү”,-деди Жээнбек Эралиев.

Мындан тышкары Эралиев Журналистика факультети дотацияда турган факультетттин катарында экенин кошумчалады.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!