Ажыларды каттоо иштери башталды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 12:04

2018-жылы ажылык сапарына баруучуларды каттоо иши бүгүн, 23-январда башталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Ажыларды каттоо иштери 23-февраль саат 17:00гө чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардын каттоо пункттарында жүргүзүлөт.

"Ажылык сапарына бара турган жарандарга РСК банкына алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ доллары жана кайтарымсыз 1000 сом квитациянын негизинде каттоо жүргүзүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда же кийин төлөнгөн 500 АКШ доллары жана 1000 сомдук төлөмдөр жараксыз деп табылат. Каттоо иши аймактык кезекке туруу тартибинде (живой список) Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттардагы жана райондук хатибияттарга караштуу 32 пунктта жүргүзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

ТИРКЕМЕ: Ажылык сапарына баруучу жаран жогоруда көрсөтүлгөн алдын ала төлөнүүчү 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын канчалык эрте төлөп катталган болсо, анын электрондук тизмедеги орду ошончолук жогору болуп, ажылык сапарына баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!