"Манас" эпосуна арналган көргөзмө ачылды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:17

Бүгүн, 23-январында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында “Манас” эпосу жана манасчылар” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Манас” эпосунун тезистик кара сөз түрүндөгү китебинин бет ачары болду.

“Манас” эпосу – кыргыз элинин кылымдар бою сактап келген улуу мурасы.

Көргөзмө негизги үч бөлүктөн турат:

1. “Манас” эпосу – кыргыз рухунун туу чокусу”.

Көргөзмөнүн башталышына “Манас” сериялары алдында 1940-1945-жылдары басмадан чыккан эпостун ар кандай эпизоддорун чагылдырган кичине форматтагы китептер, академик Б. М. Юнусалиевдин редакциясында жарык көргөн “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги коюлган. Алп манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин вариантындагы бир нече томдон турган ар кайсы жылдардагы басылыштары көрүнүктүү орунду ээледи. Кытайлык манасчы Жүсүп Мамайдын Манас баатырдын сегиз муунуна чейинки айтымынын араб арибиндеги жана кыргыз алфавитиндеги басылышы да толугу менен коюлду.

Көргөзмөдөн эпостун кара сөз менен жазылышынын автордук китептерин да көрүүгө болот. Ошондой эле түрдүү тилдерге – орус, түрк, якут ж. б. которулуп жарык көргөн китептер да орун алды.

Эпосту илимий изилдөө боюнча китептердин чоң тобу көргөзмөнүн орчундуу бөлүгүн ээледи.

2. “Манас” эпосу жана манасчылар” бөлүгүнө эпосту калктын калың катмарына жеткирүүчү кыргыз элинин руханий инсандары – манасчылар жөнүндөгү илимий изилдөөчүлөрдүн монографияларынан тартып мезгилдүү басмалардын бетине жарыяланган макалаларга чейин коюлду.

3.”Саякбай манасчы” эл аралык фонду Кыргызстандын мекенчил жана патриот жарандары тарабынан 2014-жылы негизделип, КР Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Ошондон бери фонд республикалык, эл аралык маанидеги бир катар иш-аракеттерди аткарып келе жатышат: манасчылардын юбилейлерине арналган бир топ китептерди, илимий макалалардын жыйнагын басмадан чыгарды, “Сагымбай”, “Саякбай” энциклопедияларынын жарык көрүшүнө колдоо көрсөтүштү, эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрдү, “Саякбай – ХХ кылымдын Гомери” аттуу көркөм кинотасмасын тартып көрүүчүлөргө тартуулады, ж. б. алгылыктуу иштерди аткарып келе жатышат.

Бет ачары өткөрүлүүчү тезистик формадагы “Манас” эпосунда сюжеттик композициясы сакталып, кичине балдардан тартып чоңдорго чейин арналып даярдалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!