Чычкан суусунда 2,5 тонна форель кырылды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:49

Бишкек-Ош автожолунун 264-чакырымында Чоң-Өрүктү участогунда оор жүк ташуучу бензовоз көпүрөдөн Чычкан суусуна кулап цистернадагы болжол менен 38 тоннанын тегерегинде бензин дайрага төгүлүп кеткен. Бул тууралуу Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул факты боюнча, Мамэкотехинспекциянын Токтогул району боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде административдик укук бузуу протоколу толтурулган.

"Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндөгү” мыйзамынын 44, 62-беренелери, Суу Кодексинин 50-беренесинин талаптарына ылайык суу ресурстарына зыян келтирген тараптарга жопкерчиликтер каралган. Ошондой эле Чычкан суусунда бир нече жеке менчик балык өстүрүүчү көлмөлөр жайгашкан. Кырсык учурунда бир көлмөдөн балыктардын массалык кырылуусу катталып, себебин аныктоо үчүн балыктар ветеринардык инспекциянын лабораториясына жөнөтүлгөн. Тактап айтканда, 2,5 тонна радужный форель балыгы өлүп, келтирилген зыян базар баасы менен эсептегенде 950 000 миң сомду түздү",-деп айтылат маалыматта.

Ал эми суунун үлгүсү Айлана чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин лабораториясына текшерүүгө берилген. Учурда Токтогул суу сактагычын текшерүүгө алганда кооптуу кырдаал катталган жок. Жаратылышка келтирилген зыяндар боюнча күнөөлүү адамдарга чара көрүү үчүн тийиштүү материалдар Токтогул райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!