Кыргызстан-Швейцария кызматташтыгы талкууланды

23-Янв. 2018, Шейшемби, 16:49

Бүгүн, 23-январда премьер-министр Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу алкагында Швейцария Конфедерациясынын Мамлекеттик экономика министри Йоханн Шнайдер-Амманн менен жолугушту.

Жолугушууда актуалдуу темалар, ошондой эле кыргыз-швейцар кызматташтыгынын келечектүү тармактары талкууланды.

Сапар Исаковдун айтымында, «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасын жана 2018-2023-жылдарга «Жаңы доорго кырк кадам» аттуу программалардын негизги компоненттерин ишке киргизүүдө чет элдик инвестицияларды тартуу каралууда, буга байланыштуу швейцариялык тарапты аларды ишке ашырууга катышуу мүмкүндүгүн карап көрүүгө чакырды.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өлкөлөрү ортосундагы өз-ара байланыштарды жайгарууга жана инфраструктураны түзүүгө багытталган «Бир алкак – бир жол» (Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагы) долбоорун ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулады.

Өз кезегинде Швейцариянын Мамлекеттик экономика министри Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда алдыңкы технологиялар менен колдоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Сапар Исаков Йоханн Шнайдер-Амманнды Кыргызстанга жумушчу сапар менен келүүгө чакырды, буга жооп катары ал сапарын үстүбүздөгү жылдын июль айына пландаштыраарын билдирди
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!