Сапар Исаков Давосто сөз сүйлөдү

24-Янв. 2018, Шаршемби, 10:30

Премьер-министри Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында «Линейдик эмес дүйнө үчүн экспоненциалдык чечимдер» сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сессиянын ишине «Microsoft», «HP», «UPS» сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Сессиянын жүрүшүндө компаниялардын санариптик трансформацияланышындагы аналитикалык маалыматтардын орду талкууланды.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы катышуучуларга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация боюнча программаны ишке ашыруу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. долбоорлор, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, премьер-министр Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын “Digital CASA” долбоорунун алкагындагы маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча аймактык борборду куруу боюнча долбоордун ишке ашырылышы тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков Кыргызстан Борбордук Азиядагы «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү эл аралык демилгесине кошулган алгачкы өлкө болгондугун баса белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, региондогу Демилгеге кошулган биринчи өлкө болуу бул чоң сыймык, ошол эле учурда бул – чоң жоопкерчилик.

«Кыргызстан демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча өлкөдө ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат. Өкмөттүн ишиндеги негизги принциптердин бири ачык жана таза саясат жүргүзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкөдө жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулуп, ошондой эле бийликтин демократиялык түрдө алмышуусу боюнча тийиштүү шарттар түзүлгөн», – деп белгиледи өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумунда 1998-жылдан бери көрсөтүлгөн эмес. 2018-жылы иш чаранын уюштуруучуларынын чакыруусу менен премьер-министр Сапар Исаков башында турган кыргыз делегациясы ДЭФ ишине кайрадан катышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!