WhatsApp аркылуу көйгөйлөр ыкчам чечилет

24-Янв. 2018, Шаршемби, 12:53

Эми Жалал-Абад областындагы айыл өкмөттөрү айыл аймагында жаралган ар кайсы көйгөйлөрдү WhatsApp байланышы аркылуу ыкчам чече алышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы “Тянь-Шань” эс алуу комплексинде айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн өткөрүлгөн атайын окууда айтылды.

Аталган окууга областтагы сегиз айыл өкмөтүнүн башчылары катышып, айыл бийликтери менен калктын ортосундагы карым-катнашты, өз ара тыгыз иш алып барууну жолго коюу боюнча Ысык-Көл областынын Аксуу районуна караштуу Аксуу айыл өкмөтүнүн мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү боюнча адиси жана USAIDддин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун демилгечи тобунун мүчөсү ЖаркынАмантурова тажрыйбасын бөлүштү.

Анын айтымында, эл менен кайтарым байланыш жүргүзүү максатында WhatsApp мобилдик механизмин кенен жайылтуу зарыл. Ошондуктан аны кантип уюштуруу керек жана анын артыкчылары тууралуу областтын айыл өкмөттөрүнөн келген айыл башчылар жана жооптуу катчыларга кеңири үшүнүктөр берилди.

"Негизинен өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүдө жергиликтүү бийлик эл менен иш алып баруунун пайдалуу механизмдерин иштеп чыгуусу керек. Буга чейин Кыргызстанда биринчи жолу Ысык-Көл областынын Ак-Суу айылында ишке ашырылып, айыл өкмөтүнүн калк менен биргеликте иш алып баруусуна чоң жардамы тийди. Сунушталып жаткан WhatsApp номерлерин айыл өкмөттөрдө ишке киргизүү айыл тургундарына айылда жаралган бир катар маселелер тууралуу бийликтерге ыкчам билдирүүсүнө жана пайда болгон көйгөйдү тез арада чечүүгө мүмкүндүк берип, жашоочулар тарабынан пайда болгон суроолорго айыл өкмөт тарабынанда ыкчам жооп алышына шарт түзөт", - дейт Ж. Амантурова.

Окутуу жыйынга катышкан USIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун Ысык-Көл областтындагы атайын адиси Ырыс Орзакунованын айтымында, бул долбоордун алкагында аймактарды өнүктүрүүнүн менеджментин алдыга жылдыруу жагынан абдан күчтүү жана ошол эле учурда эң жөнөкөй механизмдери бар. WhatsApp эң биринчи өнөктөш айыл өкмөттөргө демилге берип, эл менен карым-катнаштын дагы бир инновациялык жолу эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!