Кесиптик окуу жайда билим алгандар арбыды

24-Янв. 2018, Шаршемби, 13:10

Баткен облусунда медреседе окуган жаштарга кесип үйрөткөн долбоор бир жылдык аткарган ишин ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

2017-жылы ишке ашырылган пилоттук долбоордун алкагында Кадамжай районундагы “Имам Аъзам” медресесинде окуган 45 кыз тигүүчүлүк курсту бүтүрүп чыккан болсо азыр алар жергиликтүү бала бакчалар менен базарларды балдардын сапаттуу кийимдери менен камсыз кылып жатышат.

“Биздин кыздар тигүүчүлүк кесипти жакында гана үйрөнгөнүнө карабастан, азыр бала бакчалар менен базарлардан туруктуу кардарларын таба баштады. Себеби башкалар даяр кийимдерди Кара-Суу базарына барып сатып келишсе, мында иштегендер ал жактан материалды дүңүнөн алып келип, медресе аймагынан тиккенден кийин өздөрү жеткирип беришет. Натыйжада сатып алуучуга арзан түшөт. Соодагерлер биздин кийимдин сапаттуу жана арзан экенин билип заказ берүүнү көбөйтө баштады” - дейт Кадамжайдагы “Имам Аъзам” медресесинин мүдүрү Исмаил Сайназаров.

Бул долбоор Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы АКШ элчилиги, “АВЕП” коомдук фонду болуп биргеликте ишке ашырылды

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!