17:48 Суукта газды керектөө 40 пайызга өстү
17:43 18 ай иштеп, 15 жыл айлык алган
17:34 Оренбургда кыргызстандык унаа кырсыктады
Катуу сууктан улам Ысык-Көл тоңуп калгандыгы тууралуу видео интернетке тарап, социалдык түйүндүн колдонуучуларын арасында кызуу талкууну жаратты.
Тасмада көрүнүп тургандай, көлдүн жээктери тоңуп, толкундар жээкке муз бүркүп жатканын көрүүгө болот.
“Тоңуп калган көл Ысык-Көл эмес”,- деп билдирди “Zaman Кыргызстан” маалымат агенттигине Гидрометеорология агенттигинин жетекчисинин орун басары Рыскелди Асанкожоев. Анын айтымына караганда, бул видео Ысык-Көлдө эмес, башка көлдүн жээгинен тартылышы мүмкүн. Учурда аба ырайы суук болгону менен Ысык-Көл тоңуп кала тургандай температурага жете элек. “Негизинен Ысык-Көл тоңбойт. Анткени көлдүн астында жылуу агымдар бар жана суу туздуу. Бирок, көлгө суу кирген 2-3 жерде гана суунун жээктери тоңуп калат”,- дейт Асанкожоев.
Анын айтымына караганда, бул видео Ысык-Көлдө эмес, башка көлдүн жээгинен тартылышы мүмкүн. Учурда аба ырайы суук болгону менен Ысык-Көл тоңуп кала тургандай температурага жете элек.
“Негизинен Ысык-Көл тоңбойт. Анткени көлдүн астында жылуу агымдар бар жана суу туздуу. Бирок, көлгө суу кирген 2-3 жерде гана суунун жээктери тоңуп калат”,- дейт Асанкожоев.