​Кулмамбетова: Арбакты сыйлайлычы, тынч жатсын

25-Янв. 2018, Бейшемби, 16:23

Бүгүн айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында белгилүү диктор Гүлжан Кулмамбетова менен Камчыбек Жолдошбаев тууралуу маалымат тараган. Анда Жолдошбаевдин диктор тууралуу үн катканы айтылат. Ал эми Кулмамбетова айтылып жаткан маалыматка өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жооп кайтарды.

“Камчыбек Жолдошбаевдин менин дарегиме айткандары боюнча өз пикиримди билдирүүнү туура көрдүм. Кулак укса, курсак кайнайт демекчи, ал кишинин телефонун таап, эмнени айтып жатасыз?-деп кайрылдым. Камчыбек ага (улуу киши эмеспи) ,, интервьюда сен жөнүндө сөз болгон эмес, бул кайраштыруу,,- деп жооп берди. Замандаштар, менин дарегиме айтылган ,,токол’’ клеймосу топтой тепкиленип, таланып-тытмаланып атып эчтекеси деле калган жок. Бул бир жараткандын жазмышы. Ким кандай десе өз эрки. Ээсин сыйласан, итине сөөк сал дейт кыргызда. Аскар Мааткабыловичтин тарапташ, тамырлаш, тагдырлаштарына урматым бар. Жазмыш экен эже ооруп калды. Амандыгын, сакайып кетишин кудайдан тиледик. Узак жылдар илээшкен илдетинен арылууга жандалбастаган ал кишинин абалын, жакындарынын тарткан азабын эч кимдин башына салбасын. Арбакты сыйлайлычы, тынч жатсын. Ал эми тирүүлөрдүн тиреши болсо эркектерче эсептешип алышса дейм. Аялдарды аралаштырбай. Каралоо, бир тууганынын этин тамшана жегенге барабар экенин Камчыбек ага билсе керек. Ал эми аны жайылтууга жандалбастагандарды кудайга койдум. Башым аман, бүлөм бүтүн, жүрөк тынч. Абийирдин алдындагы абалым айындардан арачалап турат. Жакшы күндөрдүн жаркын учурларын жар сала, жараткандан жакшылыктарды тилейли!”,-деп жазат Гүлжан Кулмамбетова.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!