​Исаков Кытайдын CCTV телеканалына интервью берди

25-Янв. 2018, Бейшемби, 16:28

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Кытайдын CCTV борбордук телеканалына интервью берди. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчы кытай-кыргыз өз ара аракеттешүүсү, Кытай – Өзбекстан – Кыргызстан темир жолунун курулушу боюнча, ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси алкагындагы «Бир алкак – бир жол» кызматташуусу боюнча суроолорго жооп берди.

Мындан тышкары, премьер-министр Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна катышуу алкагында аймактагы экономиканы өнүктүрүү жана коопсуздук маселелери боюнча өз пикирин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!