Президент Жээнбеков Тажикстанга барат

26-Янв. 2018, Жума, 11:47

Кечээ, 25-январда Дүйшөмбү шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга жасай турчу расмий сапары боюнча сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган шаарда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматтуушунун маанилүү жактары талкууланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!