​Москвада кыргыз жараны каза тапты

26-Янв. 2018, Жума, 16:05

Россияда жол кырсыгынан кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-январда Ош облусунун 32 жаштагы тургуну Р.Б. жол кырсыгынан жаракат алып, ооруканадан каза тапты.

Азыркы учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү иштерине даярдык көрүлүп жатат. Ал эми жол кырсыгы боюнча фактыны элчилик өз көзөмөлүнө алып, айдоочуга кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!