SELA бр​ендинин өкүлү Кыргызстанда

26-Янв. 2018, Жума, 18:20

SELA брендинин өкүлү Кыргызстандык тигүүчү ишканалар алган алгачкы буюртмасы кандай аткарылып жатканын текшерип, жалпысынан канаттандыраарлык деген баа берди. Бул тууралуу USAID уюмунан билдиришти.

Кыргызстандык Cool Bros жана Азияр ишканалары SELA ишканасы сыяктуу чет элдик ишканаларга чыгуу аракетинде алардын талаптарына жооп берүүдө Бизнести өнүктүрүү боюнча USAIDтин демилгесинин салымы чоң.

Бүгүн Кыргызстанда таанымал болгон, SELA брендинин өндүрүш боюнча менежери Дмитрий Скрипченко USAID BGI долбоорунун өнөктөштөрү, Aziyar Fashion жана Текстиль Транс ишканаларына зияратын баштады. Дмитрий аталган ишканалардын өндүрүштөрү чет элдик рынокторго чыгуу үчүн алардын талаптарына жооп бере ала турганын текшерүү максатында өлкөбүзгө келди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!