Эгиз-сегиз: кой 8 козу төлдөдү (видео)

27-Янв. 2018, Ишемби, 14:57

Литвада Маргоша аттуу кой бир тууганда сегиз козу тууду. Бул тууралуу UNIAN маалымат агенттиги билдирди.

“Биздин Маргоша 3 эркек жана 5 ургаачы козу төлдөдү. Алардын жарымы карала болсо, калганы энесине окшош. Козулардын да энесинин да абалы жакшы. Козулардын салмагынын эң азы 1 жарым кг түзсө, калгандарыныкы андан көп”,-деди койдун ээси.

Жаңы туулган козулар бөтөлкө менен тамактанып жатышат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 2012-жылы Вашингтондо Трина аттуу кой 7 козу тууган.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!