Кечке чейин Бишкек ТЭЦиндеги авария жөнгө салынат

27-Янв. 2018, Ишемби, 15:50

Бүгүн, 26-январда кечки саат 10го чейин Бишкек ТЭЦиндеги авария жөнгө салынат. Бул тууралуу Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчиси Нурлан Өмүр уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда борбор калаадагы үйлөргө 50 градус температура менен жылуулук берилүүдө. Мындан төмөн болбойт. Учурда оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Кечки саат 22:00го чейин бардык үйлөр толук түрдө жылуулук менен камсыздалат.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү саат 18.00дө “Электр станциялары” ААКтын маалымат кызматы Бишкек ТЭЦтин айрым жабдыктары убактылуу иштен чыккандыктан электр кубаттуулугун 350дөн 154 мегаваттка чейин төмөндөткөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!